Садыр Жапаров мамкызматкерлерге үгүт жүргүзбөөнү тапшырды
Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге президенттик шайлоодо бир да талапкер үчүн, анын ичинде өзү үчүн да үгүт жүргүзбөөнү айтты. Бул тууралуу Спутник жазды.
Президент акимдерге, облустук жетекчилерге жана айыл өкмөттөрүнө элди шайлоого катышууга чакырууну тапшырды.
Садыр Жапаров шайлоо күнү иш болбой турганын, добуш берүүгө барбагандарга ошол күн үчүн эмгек акы, пенсия жана жөлөкпул төлөнбөй, ал күн эмгек стажына кошулбай турганын айтты. Ал жетекчилерге муну элге түшүндүрүүнү тапшырып, катышуу 60-70 пайызга жетиши мүмкүн экенин божомолдоду.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.