ИИМ онлайн кумар оюндарын өткөрүүнүн мыйзамсыз схемасын аныктады
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына букмекердик кеңселерге ставкаларды коюу жана онлайн-казинолор аркылуу мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу, ошондой эле кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын адалдоо фактылары боюнча ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинде (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө букмекердик ставкаларды кабыл алуу жана онлайн-казино кызматтарын көрсөтүү үчүн интернет-платформалар аркылуу Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган банк карталары аркылуу оюн эсептерин толуктоо жана акча каражаттарын чыгарып алуу жүргүзүлүп турганы аныкталган. Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштурууга шектелген жарандар аныкталып, кармалды. Алар: 2003-жылы туулган С.Б., 2006-жылы туулган М.А. жана 2004-жылы туулган А.Р. Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.