Abank_nov
SerepTV Logo

2023-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттердин аймагында кармалды

2023-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттердин аймагында кармалды
Ички иштер министрлиги сот адилеттигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана кармоо максатында чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди улантууда.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында, 2023-жылдан бери Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттердин аймагында кармалды. Алар Таиланд, Вьетнам, Испания, Италия, АКШ, Түркия, Грузия, Франция, Египет, Швеция, Бириккен Араб Эмираттары, Мадагаскар, Корея Республикасы, Греция, Бельгия, Польша, Сербия, Босния жана Герцеговина, Литва, Молдова, Болгария, Сирия, Монголия, Казакстан, Армения, Азербайжан, Россия, Украина жана Чехия мамлекеттеринин аймактарында кармалган. Мындан тышкары, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында издөөдө жүргөн 132 адам экстрадициялоо жана депортациялоо тартибинде Кыргыз Республикасына кайтарылды. Алар АКШ, Испания, Корея Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Таиланд, Вьетнам, Египет, Грузия, Польша, Швеция, Мадагаскар, Азербайжан, Түркия, Монголия, Россия, Казакстан, Армения, Молдова жана Болгария мамлекеттеринен өткөрүлүп берилди.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын демилгеси менен эл аралык издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалды. Алардын ичинен 42 адам издөө демилгесин көтөргөн мамлекеттерге экстрадицияланды. Алардын катарында Түркия, Польша, Франция, Вьетнам, Пакистан, Монголия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан бар. Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелген адамдарды издөө жана кармоого өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, Италиянын аймагында эки жаран кармалды. Алардын бири - С.И.Ю. кылмыштуу топту уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга, экинчиси - А.Н. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн. Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү С.Н. кармалды. Ошондой эле Таиланддын аймагында адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн Н.А.С. жана Р.А.Т. аттуу жарандар кармалды. Мындан тышкары, Болгарияда Түркиянын жараны Д.С. кармалды. Ал жалпы салмагы 436 килограммды түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди аткезчилик жол менен ташууну уюштурууга шектелүүдө. Баңгизат Түркиядан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Грецияга жеткирилип, төрт жүк чиркегичинин металл конструкцияларынын ичине жашырылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү улантат. Негизги максат - издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо, аларды кармоо жана Кыргыз Республикасына кайтаруу, ошондой эле кылмыш кайсы жерде жасалганына карабастан, жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушун камсыз кылуу.
SEREP MEDIA