Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги бекетте аялын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

Бишкектеги бекетте аялын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды
Бишкекте аялын бычактап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 17-декабрда саат 11:44 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Жибек Жолу проспектисинде эркек киши аял кишиге бычак сайып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери уруштун айынан 1991-жылы туулган жаран Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш автобекетинде 1991-жылы туулган аялына бычак сайганы маалым болгон. Келин Тез жардам кызматы баргыча каза болуп калган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.