Баткен милициясы: Маркумду күйөөсү балта менен чаап өлтүргөн деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кызыл-Кыядагы адам өлтүрүү фактысы боюнча Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат билдирет.
Окуя 31-октябрда катталып, саат 11:20 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБга телефон аркылуу Караван айылынын тургуну, 2002-жылы туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн. Маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өлүмүнө анын жолдошу, 1995-жылылы туулган М.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жубайлар кызганычтын айынан пикир келишпестиктен урушуп, жыйынтыгында күйөөсү маркумду уруп-сабап, муунтуп өлтүргөндүгү белгилүү болот. Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси тактап айтканда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү М.К. жактоочунун катышуусунда шектүү катары суралып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Белгилүү болгондой жубайлар 2020-жылы баш кошушкан. Тактап айтканда, маркум турмушка чыккан учурда 18 жашта болгон. Ошондой эле маркумду күйөөсү балта менен чаап өлтүргөн деген маалымат чындыкка дал келбейт.