Royal
SerepTV Logo

Бишкекте унаадан 400 миң сом уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте унаадан 400 миң сом уурдаган шектүү кармалды
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 10-сентябрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 9-сентябрда базар комплекстеринин биринин унаа токтотуучу жайында унаанын ичинен 400 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.