Зардалыга баруучу 6,4 чакырымдык жол асфальтталып бүттү
Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толук аяктады. Титулдук тизмеге ылайык, быйыл аталган тилкени асфальттоо пландалган.
Бүгүнкү күндө № 2 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген жумуштарды толугу менен бүтүрдү. Жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жол жүрүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түздү.
Буга байланыштуу айыл тургундары президент Садыр Жапаровго жана жолчуларга ыраазычылык билдиришти. Жол оңдоо иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө уланууда.