Мурдагы министр, экс-депутат Нурлан Сулаймановдун кармалганы маалымдалууда
Транспорт жана коммуникациялар боюнча мурдагы министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов кармалды. Бул тууралуу ЖМКларга күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.
ЖМКлар жазган маалыматка караганда, Сулаймановду Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын кызматкерлери кармашкан. Кармалгандан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аны кармоонун себеби расмий түрдө айтылган жок. Ички иштер министрлиги иштин чоо-жайын азырынча ачыкка чыгара элек.