Abank_june
SerepTV Logo

Бишкектин көчөсүндө заара ушаткан чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат

Бишкектин көчөсүндө заара ушаткан чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат

21-июлга караган түнү Бишкекте үч эркектин коомдук тартипти бузуп жаткан видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБи текшерүү жүргүзгөн.

22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында үч чет өлкөлүк жаран аныкталып, кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, алардын бири Логвиненко көчөсүндөгү үйдүн короосунда коомдук жайда заара ушаткан. Калган экөө спирт ичимдигин ичкен абалда болушкан. Ошондой эле алардын бири коомдук жайда тамеки чеккени видеого түшүп калган.

Аларга карата майда бейбаштык жана белгиленбеген жерде тамеки чегүү беренелери боюнча административдик протоколдор түзүлдү.

Учурда укук бузуучулар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, материалдар мыйзамга ылайык кароо үчүн жөнөтүлгөн. Милициянын маалыматына ылайык, тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин алар Кыргызстандын аймагынан чыгарылат.