Abank_june
SerepTV Logo

Робот менен сүйлөшкүңүз келеби? Фестивалга келиңиз

Робот менен сүйлөшкүңүз келеби? Фестивалга келиңиз

Робот менен сүйлөшкүңүз келеби? Фестивалга келиңиз

2-августта Бишкекте балдар жана ата-энелер үчүн AI Baldar аттуу технологиялык фестиваль өтөт. Коноктор гуманоид робот менен баарлашып, жасалма интеллекттин жардамы менен бир нече мүнөттө сайт түзүүгө күбө болушат.

Фестивалды Кыргызстандагы алдыңкы IT-мектептердин бири CODIFY уюштурат. Иш-чаранын жүрүшүндө компания балдардын өнүгүүсүнө багытталган жаңы AI-платформасын да расмий тааныштырат.

Бул робот адамдар менен сүйлөшүп, суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткара алат. Демек, каалоочулар робот менен түз баарлашса болот. Ошондой эле кантип 10 мүнөттө сайт жасаса болору көрсөтүлөт. Бул балдар үчүн эле эмес, чоңдорго да кызыктуу болот.

Бул иш-чарада CODIFY’дын адистери программалоону билбеген адам да жасалма интеллекттин жардамы менен бир нече мүнөттө сайт түзө аларын көрсөтүшөт.

Андан тышкары фестивалда балдар үчүн AI-зоналар уюштурулуп, алар жасалма интеллект аркылуу сүрөт тартып, оюн иштеп чыгып, робот техникасы менен таанышып, AI аркылуу программалоону жана музыка жасап көрүшөт.

Ата-энелер үчүн болсо өзүнчө жолугушуу өтөт. Адистер ChatGPT жана башка AI куралдарын балдар кандай колдонуп жатканын, алардын мүмкүнчүлүктөрү менен тобокелчиликтерин, ошондой эле баланы келечектеги кесиптерге кантип даярдоо керектигин айтып беришет.

CODIFY жаңы багытын сунуштайт

Фестивалдын алкагында CODIFY өзүнүн жаңы билим берүү моделин да көрсөтөт. Компания жасалма интеллекттин жардамы менен ар бир бала үчүн жеке окуу багытын түзгөн AI-платформасын тааныштырат.

Учурда CODIFY’да миңден ашуун бала билим алат. Алар Scratch, Roblox, JavaScript, Python, AI, Vibe Coding жана Startup Studio багыттары боюнча окуп, реалдуу долбоорлорду ишке ашырышат.

Компаниянын негиздөөчүсү Динара Руслан бүгүнкү күндө программалоону гана үйрөнүү жетишсиз экенин айтты. “Жасалма интеллектти туура колдонгонду билүү — келечектеги эң маанилүү нерсе. Биз балдар технологиядан коркпой, аны чыгармачылыкка, билим алууга жана өнүгүүгө жардам берген курал катары колдонушун каалайбыз” дейт ал.

AI Baldar фестивалына кирүү акысыз. Катышуу үчүн Ticketon.kg платформасы аркылуу алдын ала катталыңыз.

Кошумча маалымат:

Сайт: codifylab.com

Instagram: @codify.kg, @codify.kids

Телефон: 0500 431 430