Аргентина Швейцарияны чоң кыйынчылык менен жеңип, Дүйнөлүк чемпиондуктун жарым финалына акыркы жолдомону алды
Канзас-Ситидеги стадиондо өткөн чейрек финалдык беттеште аргентиналыктардын жеңишинин негизин курама команданын лидери Лионель Месси жана Алексис Макаллистер түздү. Оюндун 10-мүнөтүндө Макаллистер Мессинин бурчтан берген пасын башы менен голго айлантты. Бул турнирде 8 гол киргизген Месси үчүн бул голдук пас экинчиси болду.
Бирок экинчи таймда учурдагы дүйнө чемпиондору швейцариялыктардын олуттуу каршылыгына туш болушту — алардын ишенимдүү коргонуусу жана кооптуу каршы чабуулдары бир топ көйгөй жаратты. Бир нече жолу аргентиналык дарбазачы Эмилиано Мартинес командасын голдон сактап калды, бирок экинчи таймдын ортосунда Дэн Ндойенин соккусуна ал да тоскоол боло алган жок.
Андан 5 мүнөт өткөн соң Брель Эмболо симуляция үчүн экинчи сары карточка алып, Швейцария курамасы сан жагынан азайып калды. Ошого карабастан, Аргентина негизги убакытта жана ага кошулган 9 мүнөттө жеңишти камсыздай алган жок. Швейцариянын коргонуудагы “автобусу” 112-мүнөткө чейин натыйжалуу иштеп турду, дал ошол учурда Хулиан Альварес “тогуздукка” так сокку уруп, дарбазачы Грегор Кобелди жеңе алды. Оюндун акыркы чекитин Лаутаро Мартинес койду.
Жарым финалда Аргентина Англия курамасы менен беттешет. Англия бир нече саат мурда оор кармашта Норвегияны жеңген. 15-июлда Атлантада өтө турган бул матч турнирдин эң кызыктуу оюндардын бири болору күтүлүүдө. Бул дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң принципиалдуу каршылашуулардын бири болуп эсептелет.
Аргентина 🇦🇷 3:1 🇨🇭 Швейцария