Abank_june
SerepTV Logo

Аргентина экинчи жолу катары менен финалга чыкты

Аргентина экинчи жолу катары менен финалга чыкты

Түндө футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Англия менен Аргентина курама командалары беттешип, анда учурдун чемпиону болгон аргентиналыктар жеңишке жетип, финалды камсыздады. 
 Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады. Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Англия курамасынын жарым коргоочусу Энтони Гордон эсепти ачты. 85-мүнөттө Аргентинанын капитаны Лионель Месси чыгарып берген топту Энцо Фернандес   каршылашынын дарбазасына киргизип, эсепти теңеди.

Ал эми экинчи таймга кошулган убакыттын экинчи мүнөтүндө Лионель Мессинин пасынан кийин чабуулчу Лаутаро Мартинес жеңиш голун киргизип, Аргентинаны финалга алып чыкты. 

Эми Аргентина Испания менен чемпиондук үчүн беттешет. Ал эми Англия үчүнчү орун үчүн Францияга каршы оюн өткөрөт.