Abank_june
SerepTV Logo

БУУнун Башкы катчысы Перс булуңундагы аскердик чыңалуу боюнча бардык чабуулдарды токтотууга чакырды

БУУнун Башкы катчысы Перс булуңундагы аскердик чыңалуу боюнча бардык чабуулдарды токтотууга чакырды

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 12-июлда Перс булуңундагы «олуттуу курчуп кетүүгө жана аскердик аракеттердин кайра жанданышына терең тынчсыздануусун» билдирип, бардык чабуулдарды токтотууга чакырды.

Ал толук масштабдуу согуштук аракеттерге кайтып келүү аймактагы жана анын чегинен тышкаркы адамдар үчүн, ошондой эле дүйнөлүк экономика үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу баса белгиледи.

БУУнун башкы катчысы бардык согушуп жаткан тараптарды «максималдуу сабырдуулукту көрсөтүүгө, андан ары курчутуучу аракеттерден алыс болууга жана чыңалууну азайтуу боюнча чараларды токтоосуз көрүүгө» чакырды.