"4,5 саатта жетем". Германияда көйгөй жаралган студенттерге элчи бара жатканын билдирди
Кечээ, 22-июлда социалдык тармактарда Кыргызстандык 150гө жакын студент кыз Германияга иштөө-саякаттоо программасы менен барып, оор кырдаалга туш болушканы тууралуу видео тараган.
Андагы маалымат боюнча, кыздар ал жерге Samara Academy аркылуу барышкан. «Учурда 3 айга деп келген студент кыздар жумушунан да, жата турган жайынан да жол калганы турушат. Алар азыр качкындар жашаган жерде акча төлөп жашоого аргасыз болушууда. Ал жерде баңгизатка көз каранды болгон адамдар да жашашат»,- деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Samara Academy маалымат берип, учурда ар бир кыз менен байланышып, маселени чечүүгө аракет кылып жатышканын билдирди. Алар жоопкерчиликтен качпай турганын, башка жумуш карап жатышканын айтышты. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жерине жөнөп кеткенин жазды.
"Бремен шаарына жайкы жумушка келишкен студенттердин эмгек жана жашоо шарттарына байланыштуу көйгөй жаралганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараптыр. Германия менен Кыргызстандын ортосунда төрт сааттык убакыт айырмасы бар. Ошондуктан бул тууралуу азыр гана кабардар болуп, дароо эле студенттер менен телефондон байланыштым. Азыр Бремен шаарын көздөй жолго чыктым. Буйруса, 4,5 сааттан кийин жетип барабыз.
Маселе менен жеринен таанышып, аны мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылабыз",- деп жазды элчи.
