Йемендин Аден шаарындагы аэропортто Сауд Арабиядан жаңы өкмөттүн мүчөлөрү учуп келиши менен биргеликте эле минометтун үч огу жарылды. Алар 26-декабрда Сауд Арабияда ант берүүдөн кийин кайтып келе жатышкан. Чабуулдар аткаминерлердин көзүн тазалоого багытталганы айтылууда. Андан 20дан ашуун адам каза болгону жана бул сан көбөйүшү мүмкүндүгү маалымдалууда. Өкмөт мүчөлөрүнөн эч ким жабыркаган жок, анткени жарылуу учурунда алар учактын ичинде, тагыраагы, жарылган жерден алыс жерде болушкан. Министрлер дыкат коргоо менен президенттик ак сарайга жеткирилген.
Түркиядагы «Клюква шербети» сериалынын баш каарманы кармалды
Түркияда «Клюква шербети» сериалындагы башкы ролдордун бирин аткарган актёр Догукан Гүнгөр кармалды. Стамбул прокуратурасы баңгизатка каршы жүргүзүлүп жаткан операциянын алкагында...









