Кыргыз футбол биримдиги легионерлердин чектөөсү боюнча чечимин кайрадан карап чыкты
26-октябрда Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку лигасындагы футболдук клубдардын жетекчилеринин катышуусунда чогулуш болуп өттү.
Кеңешменин башында КФБнын өкүлдөрү дүйнөлүк, азиялык жана ата мекендик футболдун түзүмү, КФБнын калыстар корпусунун ишмердүүлүгү, ошондой эле 2034-жылга чейин ата-мекендик футболунун техникалык өнүктүрүү стратегиясы тууралуу жалпы маалымат беришти. Чогулуш КФБ тарабынан футболдук клубдардан Кыргыз Республикасынын Жогорку лигасында легионерлердин катышуусуна белгиленген лимитке байланыштуу бир катар кайрылуулар түшкөндөн кийин уюштурулду. Ошондой эле КФБнын Аткаруу комитетинин мүчөсү, «Азия» футболдук клубунун президенти Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин учурдагы лимитти алып салуу демилгеси каралды. Бул клубдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешип талкууланып, ар бир өкүл өзүнүн позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Талкуунун жыйынтыгында клубдардын жалпы пикири КФБнын Аткаруу комитетинин кароосуна сунушталды.
Кеңешмеден кийин КФБнын Аткаруу комитетинин жыйыны өтүп, анда легионерлерге карата мурда кабыл алынган чектөөнү кайра карап чыгуу жана Жогорку лиганын көпчүлүк клубдарынын жалпы позициясын колдоо чечими кабыл алынды. Жаңы чечимге ылайык, 2027 жана 2028-жылдардагы сезондордо легионерлерге карата учурда колдонулуп келген 7/4 форматы сакталат. Ага ылайык, оюн талаасында бир учурда жети легионерден ашык эмес жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган кеминде төрт футболчу ойной алат.