Abank_oct
SerepTV Logo

Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медалга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медалга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды
 
Бүгүн, 26-октябрда Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жетти.

Ал медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо берүүчү таймашында Швециянын өкүлү Хенрик Даленди 50 секунддан ашыгыраак убакыттын ичинде 9:0 эсебинде артта калтырды. Эми Амантур Исмаилов Дүйнөлүк биринчиликтин коло байгеси үчүн беттешүүгө мүикүнчүлүк алды.
SEREP MEDIA