Францияда жаңы нааразылык акцияларына 110 миңдей адам катышты
Парижде 24-октябрда нааразылык акцияларынын жаңы толкунунун алкагында өткөн жүрүштөргө болжол менен 110 миң адам чыкты. Бул тууралуу Париж полициясы билдирди. Полиция кырдаал «тынч» экенин белгиледи. AFP агенттигинин маалыматына караганда, айрым демонстранттар акцияга балдары менен келишкен.
Акция алдын ала шаардын борборунан чет жакка жылдырылып, метро станцияларынын көбү жабылган. Париж полициясы 3 миңден ашуун адамды текшерип, алардын 65ин кармаган.
Ал эми башка шаарларда, анын ичинде Лион, Лилль, Тулуза, Монпелье жана Нантта абал башкача болду. Демонстрациялар учурунда кагылышуулар болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Париждегидей эле, бир катар шаарлардын бийликтери митингдерди алдын ала борбордук райондордо өткөрүүгө тыюу салышкан. Алардын арасында Лион, Нанси, Мец, Безансон, Бельфор, Руан, Гавр, Тулон жана Лимож шаарлары бар. Лимождо буга чейин мэриянын имараты өрттөлгөн.
Көптөгөн нааразы болгондор мындай чектөөлөрдү чогулуу эркиндигин чектөө катары баалашты. Жалпысынан Франция боюнча акциялардын коопсуздугун камсыз кылууга болжол менен 70 миң полиция кызматкери тартылды.
Өзүнчө митинг Орлеан шаарында өттү. Ал жерде Марин Ле Пен жетектеген ультраоңчул «Улуттук биригүү» партиясынын съезди ачылган. Полициянын маалыматына караганда, съездге каршы акцияга 11 миң адам катышкан.