Жогорку лигада ойногон легионерлер боюнча маселе каралды
12-октябрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын Аткаруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйында 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалын өткөрүү, жогорку лигада легионерлердин санына коюлган чектөөлөр, улуттук курама командаларды премияларды тапшыруу тартиби, мерчандайзингди өнүктүрүү жана КФБнын техникалык өнөктөшүн аныктоо маселелери каралды.
Аткаруу комитети Кыргыз Республикасынын Кубогунун 2026-жылдагы финалдык беттешин 24-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүү чечимин бекитти. Турнирдин финалында «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад шаары) жана «Нефтчи» (Кочкор-Ата шаары) командалары беттешет.
Жыйындын негизги маселелеринин бири Кыргыз Республикасынын Жогорку лигасында ойногон клубдардагы легионерлердин катышуусуна коюлган чектөөлөрдү өзгөртүү боюнча сунуштарды талкуулоо болду. Аткаруу комитетинин мүчөсү Өмүрбек Бабановдун сунушун эске алып, Катчылыктын жана Техникалык комитеттин пикирлерин уккандан кийин Аткаруу комитети 2028-жылга чейин эсептелген КПФЛ 2.0 өнүктүрүү стратегиясынын алкагында легионерлер боюнча учурдагы чектөөлөрдү сактап калуу чечимин кабыл алды.
Учурда Жогорку лигада сезонго болгон команданын заявкасында легионерлердин жалпы санына коюлган чектөө 10 оюнчуну түзөт. Ошол эле учурда талаада бир убакта 7 легионерден ашык ойной албайт жана КР жарандыгы бар 4 оюнчу ойношу шарт. КПФЛ 2.0 өнүктүрүү стратегиясына ылайык, оюн талаасындагы легионерлердин саны жыл сайын бир оюнчуга кыскартылып, ал эми КР жарандыгы бар оюнчуларды квотасы бир оюнчуга көбөйүп турат. Натыйжада, 2029-жылга карата бир клубдан оюн талаасындагы легионерлердин саны 4 оюнчуга чейин азайтылат, ал эми талаада бир убакта КР жарандыгы бар 7 оюнчу ойношу керек болот.
Бул чечим ата мекендик футболчулардын оюн практикасын көбөйтүүгө, жаш оюнчулардын өнүгүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүүгө жана улуттук футболдун кадрдык потенциалын чыңдоого багытталган. Жыйындын жүрүшүндө футбол, футзал жана аялдар футболу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларын премияларды тапшыруу боюнча жобонун долбоору да каралды. Талкуунун жыйынтыгында документти кошумча иштеп чыгуу үчүн Техникалык комитетке жөнөтүү чечими кабыл алынды. Жаңыланган документти 2026-жылдын 1-ноябрына чейин даярдоо тапшырылды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мерчандайзингин өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Бул стратегия команданын символикасын жайылтууга, күйөрмандар менен байланышты бекемдөөгө жана улуттук кураманы колдоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин техникалык өнөктөшүн аныктоо маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында аталган маселе кошумча иштеп чыгууга жана мындан ары талкуулоого калтырылды.
Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган чечимдер Кыргыз футбол биримдигинин ата мекендик футболду өнүктүрүү, башкаруу механизмдерин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча стратегиялык багыттарды ишке ашыруу иштеринин алкагында каралды.