Abank_oct
SerepTV Logo

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада жаңыланган жеңил атлетика боюнча чуркоо жолу ачылды

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада жаңыланган жеңил атлетика боюнча чуркоо жолу ачылды
 
Бүгүн, 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада жаңыланган жеңил атлетика боюнча чуркоо жолунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү, белгилүү спортчулар, борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты. Салтанаттын алкагында куттуктоолор айтылып, майрамдык программа тартууланды.

Объект швейцариялык CONICA брендинин технологияларын колдонуу менен жасалган заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Атайын белгилер түшүрүлүп, жеңил атлетиканын бардык секторлору даярдалды. Чуркоо тилкелеринин саны мурда сегиз болсо азыр тогузга чейин көбөйтүлдү. Чуркоо жолундагы белгилер World Athletics эл аралык уюмунун талаптарына толугу менен жооп берет. Ар бир сызык жана белги жеңил атлетика боюнча мелдештерди өткөрүүдө зарыл болгон тактыкты жана белгиленген стандарттардын сакталышын камсыздайт.

Жаңыланган спорттук объект борбор калаанын тургундары үчүн да жеткиликтүү болот. Бишкек шаарынын тургундары күн сайын саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин акысыз машыга алат. Калган убакта объект спортчулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын машыгуулары үчүн пайдаланылат. Салтанаттын соңунда Кыргызстандын жеңил атлетчилеринин жаркын элесине арналган өспүрүм балдар жана кыздар арасындагы салттуу республикалык мелдеш менен аяктады.
SEREP MEDIA