Ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча масштабдуу акция: эки күндө 2 963 тоннадан ашык таштанды чыгарылды
Ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча эки күндүк акциянын жыйынтыгында жалпысынан 2 963,98 тонна таштанды чыгарылды. Анын ичинен 348 тонна таштанды кошумча тартылган атайын техникалардын жардамы менен чыгарылды:
- 20-ноябрда — 198 тонна;
- 21-ноябрда — 150 тонна.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн 115 атайын техниканы ишке тартты. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана чыгаруу иштерине кошумча 31 атайын техника тартылды.
Борбор калаанын төрт районунда тең эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын чогултуу жана чыгаруу иштери жүргүзүлдү. 21-ноябрь акциянын акыркы күнү болду. Мындан ары таштандыларды чыгаруу белгиленген графикке ылайык, кадимки тартипте жүргүзүлөт.