Abank_nov
SerepTV Logo

Жабыркаган чаарчык ветеринардык адистердин көзөмөлүндө дарыланууда

Жабыркаган чаарчык ветеринардык адистердин көзөмөлүндө дарыланууда
 
Арашан айылынан жаракат алган абалда табылган эликтин баласы- чаарчык учурда «Пирамида» ветеринардык медицина борборуна жеткирилип, адистердин камкордугуна алынган. Учурда анын ден соолугун калыбына келтирүү максатында тиешелүү дарылоо жана ветеринардык жардам көрсөтүлүүдө.

Ал эми кийинки этапта эликтин баласы андан ары дарылоо, багуу жана табигый чөйрөгө кайтарууга даярдоо максатында «Зоо Бишкек» реабилитациялык борборуна жайгаштырылат.
SEREP MEDIA