Abank_nov
SerepTV Logo

Касымалиев жакынкы жылдарга стратегиялык милдеттер тууралуу айтып берди

Касымалиев жакынкы жылдарга стратегиялык милдеттер тууралуу айтып берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында жакынкы жылдарга стратегиялык милдеттер тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, жыйында 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамдын долбоору, ошондой эле 2027-жылга республикалык бюджет жана 2028-2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө Мыйзамдын долбоору каралууда.

МинКаб башчысы 2025-жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекиткенин белгиледи. Программада бир катар милдеттер аныкталган, анын ичинде: экономиканын орточо жылдык өсүшүн 8 пайыздан жогору деңгээлде камсыздоо; негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн ИДПнын 20 пайызына чейин жеткирүү; Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү.

«2027-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Биз консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстарынын көлөмүн 1 трлн 53 млрд сомго чейин жеткире алдык. Каражаттар социалдык чөйрөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталат. Билим берүү чөйрөсүнө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого — 76,4 млрд сом, социалдык коргоого — 47,3 млрд сом каралды. Социалдык саясаттын алкагында 2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпулдарын төлөө башталат. Президенттин Жарлыгына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат», — деди ал.

Адылбек Касымалиев 2027-жылы республикалык бюджет боюнча капиталдык чыгымдардын көлөмү 110,7 млрд сомго (мамлекеттик бюджет боюнча — 137,2 млрд сомго) жетерин улантты. Анын ичинде Барскоон — Бедел автомобиль жолун курууга 17,7 млрд сом каралды. Социалдык объектилерге, таза сууга, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом каралды. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбоорун капиталдаштырууга 8,6 млрд сом, энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 5 млрд сом жана башка чыгымдар каралды. Ишкердикти колдоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү каржылык чаралар каралды.

«2027-жылга бюджеттин башкы максаты — экономикалык өсүштү камсыздоо, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу. Министрлер Кабинети бул милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгууда. Албетте, алдыбызда чечүүнү талап кылган маселелер турат. Инфляциянын калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, импортко көз карандылыкты кыскартуу жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча иштер күчөтүлөт», — деди ал.
 

SEREP MEDIA