Abank_oct
SerepTV Logo

Касымалиев Беларуска жумуш сапары менен барды

Касымалиев Беларуска жумуш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Минск шаарына жумуш сапары менен келди. 

“Минск” улуттук аэропортунан Адылбек Касымалиевди Беларустун премьер-министринин орун басары Юрий Шулейко жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумдарына, ошондой эле, “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө жана анын пленардык жыйынына катышат. Иш-чаралар Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекеттердин жана чакырылган өлкөлөрдүн делегация башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт. Отурумдардын жыйынтыгында Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.

SEREP MEDIA