Abank
SerepTV Logo

УКМК кызматкерлери алманын арасынан баңгизат табышты (видео)

УКМК кызматкерлери алманын арасынан баңгизат табышты (видео)
Баңгизатты мыйзамсыз алып өтүү аракети учурунда Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 10-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбек жараны Кыргыз Республикасынан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды. Ал кезектеги 1 килограмм "гашиш" баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.