Abank_oct
SerepTV Logo

Токмок шаарында эки жөө жүргүнчү каза болгон жол кырсыгы боюнча айдоочу камалды

Токмок шаарында эки жөө жүргүнчү каза болгон жол кырсыгы боюнча айдоочу камалды
 
1-октябрда саат 22:24 чамасында Токмок шаарындагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, «Бишкек Петролеум» май куюучу жайынын жанындагы жол тилкесинде жолдун четинде бара жаткан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган жана 1960-жылы туулган эки аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Аталган факты боюнча 2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жол кырсыгына шектүү катары 2009-жылы туулган Б.Н. аттуу автоунаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-октябрда Токмок шаардык сотунун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоо жана ага катышкан адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү багытында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA