Abank
SerepTV Logo

Караколдогу лыжа базада 43 жаштагы казакстандык каза болду. Ал досу менен кагылышып кеткен

Караколдогу лыжа базада 43 жаштагы казакстандык каза болду. Ал досу менен кагылышып кеткен
Кечээ, 27-февралда Караколдогу лыжа базасында казакстандык 43 жаштагы жаран сноуборд тээп баратып, досу менен кагылышып, каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Казакстандын 1982-жылы туулган жараны сноуборд тээп түшүп келе жатып, өзү менен бирге Казакстандан чогуу келген досуна урунган. Кесепетинен ал оор жаракат алып, ошол жерден каза болгон. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери уланууда.