Abank
SerepTV Logo

Иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыз. Шектүү кармалды

Иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыз. Шектүү кармалды
Панфилов сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.