Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкекте 1 миллион долларга жакын акча каражатын карактагандар кармалды

Бишкекте 1 миллион долларга жакын акча каражатын карактагандар кармалды
17-ноябрда Бишкек шаарында чет өлкөлүк жаранга карата жасалган каракчылык фактысы катталган. Тактап айтканда, ошол күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаарындагы имараттардын бирине төрт белгисиз адам кирип, жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонуу аркылуу анын кара түстөгү сумкасын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан. Сумкалардын ичинде болжол менен 988 500 АКШ доллары, 200 миң сом, уюлдук телефондор жана чет өлкөлүк паспорт болгон.

Бул акча каражаттары анын тааныштары тарабынан алып келинип, логистикалык компанияга жеткирилиши керек болгон. Ошондой эле акча каражаты унааларды алып келүүгө арналгандыгын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, анын ичинде «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камералары аркылуу кылмышка шектүүлөр пайдаланган унаалар аныкталган. Ошондой эле шектүүлөрдүн өз ара байланыштары жана окуядан кийинки кыймыл-аракеттери такталган. Натыйжада Бишкек шаарынан үч шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар: 1971-жылы туулган А.Э., 1996-жылы туулган Л.Л. жана 2000-жылы туулган Н.А. Мындан тышкары, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу чет өлкөлүк мамлекеттин аймагына качып кетишкен бир нече жарандар кармалган. Алар: 2003-жылы туулган М.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2001-жылы туулган С.Н., 1991-жылы туулган И.Д, 1996-жылы туулган Х.И. жана 2002-жылы туулган Б.А.

Учурда тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен кара түстөгү сумканын ичинен 300 миң АКШ доллары аныкталып, далил буюм катары алынган. Ошондой эле коңшу чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында кармалган шектүүнүн унаасынан жогорудагы тартып алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү 100 миң АКШ доллары табылган. Мындан тышкары, Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан 410 миң АКШ доллары аныкталып, алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
SEREP MEDIA