Royal
SerepTV Logo

Бишкекте милицияны сөгүп, кол көтөргөн киши кармалды

Бишкекте милицияны сөгүп, кол көтөргөн киши кармалды
Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 21-мартта саат 19:00дө Суванбердиев жана Беларус көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран жол тескөөчүлөргө кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде юридикалык баа берилет. Окуя боюнча 1996-жылы туулган шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын экинчи катышуучусу - 2006-жылы туулган жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин (транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде административдик чаралар көрүлүп, протокол түзүлгөн.