Abank
SerepTV Logo

"Зыян тартып жатышат". Депутат пахтанын баасы арзан болуп жатканын айтты

"Зыян тартып жатышат". Депутат пахтанын баасы арзан болуп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев пахтанын баасы арзан болуп жатканын айтып, дыйкандардын нааразычылыгын жеткирди. "Мен кечээ Кара-Суу районундагы дыйкандар менен жолуктум. Аларда пахтанын баасы боюнча арыз-муңу бар. Негизинен 5-6 завод бар. Алар пахтанын баасын көтөрбөй жатышат. Дыйкандардын мээнети акталбай жатат. 1 гектар жерге сепкен пахтадан 30-40 миң сомго чейин зыян тартышууда", - деди депутат.