Алагозов: "30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн"
"Жакында эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров шайлоого байланыштуу жарандарга кайрылып, "Түндүк" тиркемеси аркылуу бардык талапкерлердин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырды. Президенттике талапкер болом дегендер да өз кезегинде жарандарга ушундай кайрылууларды жасап жатышат. Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калгандыктан, бул маселенин маанисине дагы бир жолу токтолгум келип турат". Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
"8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир эмес, бир нече талапкерди колдоп, кол коё алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине да өзүнчө кайрылам. Кызматкерлериңиздерге, кесиптештериңиздерге кол топтоо боюнча туура маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүп берсеңиздер.
Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу. Шайлоо өлкөбүздүн саясий турмушунун ажырагыс бөлүгү эмеспи. Анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошолу", - деп жазылат билдирүүдө.