Abank_nov
SerepTV Logo

ӨКМ: "Көл-Төр көлүндө муз үстүнө чыгуу кооптуу"

ӨКМ: "Көл-Төр көлүндө муз үстүнө чыгуу кооптуу"
 
Чүй облусундагы Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлү кыш мезгилинде өзгөчө кооз көрүнүшкө ээ. Бирок көлдүн үстүндө муз тебүү, сүрөткө түшүү жана көңүл ачуу адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлдүн үстүндөгү муз бекем көрүнгөнү менен, адамдын салмагын көтөрө аларына кепилдик жок экенин эскертет. Муз күтүүсүздөн жарылып, адамдын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу ӨКМ жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
❗️Балдарды көзөмөлсүз калтырбаңыз жана муз үстүнө чыгарбаңыз.
❗️Тоого жалгыз барбаңыз.
❗️Жолго чыгар алдында жакындарыңызга бара турган багытыңызды билдирип, байланыш каражаттарын ала жүрүңүз.
❗️Муз үстүнө чыгып, өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз.
❗️Эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир адамдын өз жоопкерчилиги.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалыңыз.
SEREP MEDIA