Abank
SerepTV Logo

Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолу ачылды

Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолу ачылды

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты. Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат. Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="184593,184594,184595,184596"]