"Залдагылар кол чаап". Курултайга Баткенден келген делегат сөз сүйлөп жатып көзүнө жаш алды
Анын айтымында, чек ара аймактарынын тургундарына курал берүүгө уруксат берүү керек. «Бул сиздин колуңузда, Садыр Нуркожоевич. Мен үйүмдү коргошум керек. 2021 жана 2022-жылдардагы кагылышууларда Көк-Таш айылынын тургундары аскерлерге коргонууга жардам беришкен. Бул мергенчилер жергиликтүү тургундар. Колубузда курал болсо, бир да тажиктен калбайбыз. Кечээ эле Көк-Ташка кире алышпай, алыстан эле атышты, Самаркендекке кире албай калышты. Биздин мергенчилер биздин аскерлерге жардам беришти. Бул маселени чечүү керек. Тажиктер эртең эмне кылары белгисиз. Биз өзүбүздү коргошубуз керек», - деди Каработоев.
Ошондой эле, делегат белгилегендей, чыр-чатактар болгон учурда адамдар айланма жол аркылуу эвакуацияланып, ал аркылуу 6 саатта өтүү керек болду. Жол куруу маселеси курч турат, мындан тышкары чек ара сызыгына тикенек зымдарды тартуу зарылдыгын айтты.
Баткенден келген делегат жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. «Бардык кыргызстандыктарга рахмат, эки жылдан бери бизге жардам берип келе жатасыздар. Кадамжайлыктар эң биринчи үйлөрүн сунушташат. Жолдун жээгинде "үй бар" деген жазуу менен чыгышат. Баарыңарга рахмат. Сиздерге элдин атынан ыраазычылык билдирем», - деди Каработоев.
Сүйлөп жатып көзүнө жаш алды. Аягында ага зал кол чапты.