Abank_nov
SerepTV Logo

Маматалиев Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча дүйнөлүк биринчиликте ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды

Маматалиев Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча дүйнөлүк биринчиликте ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды
 
25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды ээлеген кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.

Төрага спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада татыктуу коргогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жогорку жыйынтыкка жетүүдө машыктыруучулардын эмгегин белгилеп, спортчуларга 200 миң сомдук сертификат, ал эми машыктыруучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Дүйнөлүк биринчилик 9-15-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өтүп, ага 47 өлкөдөн 1140 спортчу катышкан. Алар жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашты. Мелдеште Кыргызстандын намысын 55 спортчу коргоду. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ боюнча үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыды. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип алып, жалпы командалык эсепте 11-орунду ээледи.
SEREP MEDIA