Abank_nov
SerepTV Logo

"2010-жылы Ош мэри болуп туруп, кандуу кагылышуу кандай болорун жакшы билем". Мырзакматовдун кайрылуусу

"2010-жылы Ош мэри болуп туруп, кандуу кагылышуу кандай болорун жакшы билем". Мырзакматовдун кайрылуусу
"Президентибиздин Кыргызстан элине, айрыкча түштүк облустарда жашаган тургундарга жасаган кайрылуусу ар бир жаранды ойго салып жатат". Бул тууралуу Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов соцтармактагы баракчасында билдирүү жарыялады. 

"Чыгыш элдеринде ушундай сөз бар: биринчи жолу болсо - кокустук, экинчи жолу кайталанса - дал келүү, ал эми үчүнчү жолу кайталанса - мыйзам ченемдүүлүк. Биздин ак пейил элибиз этностор аралык жанжалды акыркы чейрек кылымда эки жолу башынан кечирди. Биринчиси 1990-жылы, ал эми экинчи жанжал 2010-жылы болду.

Шайлоолор жакындаганда ар кандай көмүскөдө жаткан саясий жана башка топтор, сырттан колдоо тапкан радикалдуу күчтөрдүн өлкөбүздөгү тынчтыкты бузууга багытталган кара ниеттери болушу мүмкүн. Мен 2010-жылы Ош шаарынын мэринин кызматын аркалап, кандуу кагылышуу кандай болоорун баштан аяк жакшы билем. Жаңжалдын келип чыгуу себептерин, аны алдын алууну жакшы түшүнгөн адам катары сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Биринчиден, кандай гана саясий жана башка топтор болбосун, сырттан колдоосуз этностор аралык ири жаңжалды уюштура алышпайт. Сырттан колдоо болбосо, андай аракеттер локалдуу гана мүнөзгө ээ болот жана андай жаңжалдарды өз убагында тынчытуу биздин куч органдарыбыздын колунан келет. Мындай кооптуу учурда элибиз да абдан кыраакылыгын жана активдүүлүгүн көрсөтүүсү зарыл. Элибизге айтаарым, калк көп жүргөн жерлерде, базарларда, коомдук транспортто, мечиттерде, аш-тойлордо айрым жарандар тарабынан кандайдыр бир күмөндүү чакырыктар жана уюшкан топтор байкалса, дароо күч органдарына кабарлоо керек. Этностор аралык айрым чарбалык (бытовой) талаш-артыштарга, майда жаңжалдарга дароо укуктук баа берилип, чекит коюлуусу зарыл. Мечиттерде, кварталдык комитеттерде, жогорку окуу жайларда, ар кандай эмгек жамаатарында жана жалпы жаштар арасында кырсыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүусу зарыл.

Өлкөбүздөгү тынчтык жана коопсуздук кайсыл бир саясатчынын жеке амбициясынан, кайсыл бир саясый радикалдуу топтордун мүдөө-максаттарынан жогору турат. Ошондуктан дүйнөдө орун алган кооптуу кырдаалда өлкөбүздө жакындап келе жаткан саясий өнөктүктүн алдында эч кандай провокацияларга алдырбай, Жараткандан өлкөбүзгө тынчтыкты жана анда жашаган бардык этностордун ынтымагын тилейли", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA