Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдөн Бишкекке китеп издеп келген жаран: "Эки балама китеп алып беришим керек. Жок болуп жатат"

Ысык-Көлдөн Бишкекке китеп издеп келген жаран: "Эки балама китеп алып беришим керек. Жок болуп жатат"
Окуу жылы башталганына бир жума болду. Мектептерде китеп тартыштыгы жаралганын ата-энелер айтышууда. Буга байланыштуу ата-энелер балдарына дүкөн-базарлардан китеп сатып берүүгө аргасыз. Ал арада Билим берүү министри кызматынан бошотулду. Биз китеп сатып алуу үчүн базарда жүргөн ата-энелерге микрофон сундук. Сүйүнбек Мусалиев аттуу жаран Ысык-Көлдөн Бишкекке китеп алуу үчүн келгенин айтты. "Мен 3-класстын математика китебин издеп келдим. Азыр издеп жүрөм, бирок жок экен. Муну алгыла деп жатат. Кайдан табарымды билбейм. "Ош базар" менен "Дордойду" кыдырып келдим. Жок болуп жатат. Кайдан табам? Мен 2 балама китеп алып бермекмин. Өкмөт эмнеге карабайт?" - деп суроо салды ал.