Royal
SerepTV Logo

Ысык-Көлдөн 198 күндө 22 миңден ашуун килограмм таштанды чыгарылды (видео)

Ысык-Көлдөн 198 күндө 22 миңден ашуун килограмм таштанды чыгарылды (видео)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары бул жолу да аба ырайынын бузулганына карабай көлдү тазалашты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "30-31-октябрь күндөрү суучулдар балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышты. Алар Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тазалоонун 198-күнүндө көл аянтынын 549,75 гектарын тазалап, 3800 метр тор алып чыгарышты. Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 килограмм ар кандай таштанды жана 143 миң метр тор тазалашты", - деп айтылат маалыматта.