Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигит куткарылды

Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигит куткарылды
Милиция кызматкерлер Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери милициянын старшинасы Дуулат Азатов "Алтын Кум" эс алуу жайында 20-июль күнү саат 18:45 чамасында сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.