Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдө жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында – 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында – 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында – 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.