Ысык-Көлдө бир нече күн дайынсыз болгон адам табылды
Кичи-Өрүктү айылынын 46 жаштагы тургуну Балбай айыл аймагына караштуу Төлөн коктусунда 27-июнунда мал кайтарганы кетип, байланышка чыккан эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
2-июлда туугандары өз алдынча издөөдөн жыйынтык чыкпагандыктан, кечээ, 3-июлда туугандары куткаруучуларга кайрылышкан. Издеп-куткаруу үчүн ыкчам түрдө Түп райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу, РИИ бөлүмүнөн 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам аттары менен тартылган. Жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөөнүн натыйжасында кечээ күнү изделген адам канааттандыраарлык абалда табылды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187870,187871,187872,187873"]