Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат
Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
"Учурда Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөп турган мезгилде, Баткен өрүгүн сатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болууда. Мындан улам Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылууда. Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="193387,193388,193389,193390,193391"]