Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көл облусунда Нооруз майрамы белгиленди

Ысык-Көл облусунда Нооруз майрамы белгиленди
Бүгүн, 21-март күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Нооруз майрамы белгиленди.
Майрамдык иш чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Каракол шаар жетекчилиги, Каракол шаары менен кызматташып келген Түркиянын Учкисар шаар жетекчилиги жана облустун тургундары катышышты.
Иш-чарада кыргыздын салт-санаасы театралдаштырып, меймандарга көрсөтүлдү. Андан сырткары улуттук тамак-аштын түрлөрү конокторго сунулду. Улуттук спорттун түрлөрү да ойнотулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Нооруз майрам концерттик иш-чара менен аяктады. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="170383,170380,170382,170384,170381"]