Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча Мээрбек Мискенбаев сурак берип жатканы маалымдалды
Бүгүн, 7-сентябрда ИИМдин кызматкерлери Мээрбек Мискенбаевди Биринчи Май райондук сотунан алып кетишти. Бул тууралуу Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жазып чыкты.
"Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга келген Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин кызматкерлери алып кетишти. Аны блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча суракка алышат экен", - деп жазды ал.
Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 2 айга камакка" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ene-jyrogy-2-aiga-kamakka-alyngan-yrys-jekshenalievdin-apasy-uulu-oturgan-unaanyn-jolun-torop/">камакка алынган.