"Үйгө чейин келип, турмушка чык дегендер болду" дейт үйлүү болгон SUPERTV’нын каарманы
Ушул жылдын башында биздин телеканал 6 баланын энеси Элнура Курманованын тагдыры менен тааныштырган эле. Видеодо каарманыбыз жолдошу таштап кеткенин айтып, элден жардам суроого аргасыз болгонун кошумчалап, реквизиттерин калтырган. Арадан көп өтпөй жалгыз бой эне кайрымдуу адамдар берген каражатты топтоп, 1 миллион сомго үй алганын айтты. Биз каарманыбыздын жаңы үйүнө барып келдик.
"Үйгө чейин келип, "үйүм бар, турмушка чыкпайсыңбы" дегендер болду. Мен азыр турмушка чыкканга даяр эмесмин. Балдарымдын келечеги үчүн жашап жүрөм. Турмушка чыгам деген деле ой жок. Балдарымды чоңойтуп, окутуп, үйүмдү бүтүрүп алсам, ошол жетиштүү. Балдарыма Орусиядан бери кийим, коляска салып жиберишти. Демөөрчү болсо, үйдөн тиккенди өздөштүрөт элем. Үйдөн иштейин деген оюм бар", - деди ал.