Abank
SerepTV Logo

"Үйдөн кийимсиз чыгып кеткен". Чүйдө Айжигит Калыбеков дайынсыз болуп жатат

"Үйдөн кийимсиз чыгып кеткен". Чүйдө Айжигит Калыбеков дайынсыз болуп жатат
Москва РИИБдин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан баланы издеп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 2015-жылы туулган Калыбеков Айжигит Даниярович 19-июлда болжол менен саат 05:40 чамасында Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Белгилери: бою 120-125 сантиметр, арык, чачы кара жана кыска. Үйдөн кийимсиз чыгып кеткен. Өзгөчө белгилери: сүйлөбөйт, психикалык кемчилиги бар. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607727, 0552220422, 0707220422 номурларына чалсаңар болот.