Abank
SerepTV Logo

"Үчөө тең уул". Бишкекте 37 жаштагы келин 3 эм төрөдү

"Үчөө тең уул". Бишкекте 37 жаштагы келин 3 эм төрөдү

20-декабрда Бишкек шаарындагы №2 Төрөт үйүндө Нурзида Садырбаева аттуу 37 жаштагы шаар тургуну 3 эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу аталган төрөт үйдүн башкы дарыгери Майрам Керималиева кабарлады.

"Ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген. Алардын үчөө тең эркек балдар. Учурда операциядан кийинки абалы канааттандырарлык. Эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу клиникалык протоколго ылайык жүргүзүлүп жатат", - деди ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="154453,154454"]