Abank
SerepTV Logo

Владивосток шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот

Владивосток шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот
Владивосток шаарынын мэри Константин Шестаков Кыргызстандын элчилигинин канцелярия жетекчиси Ринат Исаков менен жолугушту. Тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, Ринат Исаков Владивостоктун көчөлөрүнүн бирине Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштаган. Жыйында айтылган башка сунуштардын катарында Кыргызстан менен достуктун паркын же аянтын түзүү, ошондой эле кыргыз киносунун жумалыгын өткөрүү да бар. Мэрия бул маселелердин бардыгын иштеп чыгуу керектигин белгилейт. Владивостокто элчиликтин кызматкерлери тарабынан көрктөндүрүлө турган аянт үчүн жер тандалып, шаардын кайсы көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылышы да аныкталат.