Abank
SerepTV Logo

"Азыр башымды кесип алсаңар да, айлыгыңарды көтөрө албайм". Аткаминер троллейбус айдоочуларына жооп берди

"Азыр башымды кесип алсаңар да, айлыгыңарды көтөрө албайм". Аткаминер троллейбус айдоочуларына жооп берди
Бүгүн, 11-августта троллейбус айдоочулары линиядан чыгып, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жанына чогулушту. Нааразы болгон айдоочуларга Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жолукту. Анын айтымында, муниципалитет 1-сентябрдан тарта айдоочулардын айлыгын 40 миң сомдон бир аз гана жогору көтөрө алат. "Азыр менин башымды кесип алсаңар дагы айлыгыңарды көтөрө албайм. Ачыгын эле айтып коёюн. 1-сентябрдан тарта айлыгыңарды 50 миң сомго чейин көтөрөбүз. Колуңарга 40-42 миң сом аласыңар. Эки айдан кийин дагы карап чыгабыз. 2-3 ай чыдап, бизди түшүнүп коюңуздар. Бизди бурчка такай берсеңер, эч кандай натыйжа болбойт", - деди ал.